www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык патологоанатомиялык бюро жана Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн жалпы баасы 750 миң сомду түзгөн төрт заманбап микроскоп берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, заманбап жабдуулар президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен сатып алынды.

Диагностикалык базаны жаңылоо алкагында үч микроскоп Республикалык патологоанатомиялык бюрого, дагы бирөө онкологиялык оорулардын морфологиялык диагностикасы жүргүзүлгөн Улуттук онкология жана гематология борборунун лабораториясына берилди.

Республикалык патологоанатомиялык бюронун директору Валентина Пахмандын айтымында, жаңы жабдуулар изилдөөлөрдүн сапатын кыйла жакшыртып, кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Последние новости