www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук гвардия 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды.
Бүгүн, 30-майда Улуттук гвардияда 2025-жылдын биринчи жарым жылдык окуу мезгилиндеги күжүрмөн – кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Улуттук гвардиянын кол башчысы, гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, колбашчынын орун басарлары, бөлүм, бөлүмчөлөрдүн башчылары жана ошондой эле аскер бөлүктөрдүн командирлери орун басарлары менен катышты.
Алгач Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басарларынын жана бөлүм, бөлүмчө башчыларынын багыттары боюнча өткөн мезгил аралыгында аткарган иштеринин баяндамалары угулду.
Өздөрүнүн баяндамаларында аскер кызматчылар укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш чаралардан тышкары, күжүрмөн даярдыктын, күжүрмөн кызматтын, кароолдук жана ички кызматтын абалы тууралуу, уставдын талаптарына ылайык аскердик тартипти бекемдөөгө, аскер бөлүктөрдөгү кылмыштуулукту жана тартип бузууларга карата алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен баяндама беришти. Жыйында ийгиликтер менен катар кемчилдиктер да каралып, аларды жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар коюлду.
Жыйынды жыйынтыктап жатып гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, келээрки жарым жылдык окуу мезгилине тапшырмаларды койду. Эң негизги тапшырмалардан болуп, аскер кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун сактоо, аскердик кызматтагы коопсуздук, өздүк курамдын арасында кылмыштуулукту жана тартип бузууну алдын алуу боюнча иш алып барыш керек экендигин белгилеп өттү.
Жыйынтыгында Улуттук гвардиянын колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер кызматчылар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты. Аларга медалдар, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.