www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-март күнү милиция кызматкерлери Өзгөн шаарынын Маданият үйүндө окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрдү.
Иш-чарага РИИБдин жетекчилиги, Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү, прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Анда негизги маселе катары балдардын коопсуздугу анын ичинде ата-энеси мигрант болуп кеткен үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдарга болгон камкордук жана алардын таалим-тарбиясы каралды.
Милиция кызматкерлери ата-энелердин балдардын жүрүм-турумун көзөмөлгө албагандын кесепетинен келип чыккан укук бузуу жана кылмыштуулук болгон фактыларга токтолуп, мындай терс көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин эскертти. Тартип сакчылары өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу – жалпы милдет экенин белгилешип, биргеликте иш алып барууну сунуш кылышты. Ошондой эле мектеп рекетчилигине, балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөөнү, түнкү убакытта чоңдордун коштоосусуз көчөгө чыгарбоону, интернет коопсуздугу жана социалдык тармактардагы жоопкерчилик тууралуу айтып өтүштү.
Эскерте кетсек, мындай иш-чаралар облус аймагында окуучулардын коопсуздугун чыңдоо максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.