www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырып, чечим 28-июлда күчүнө кирди. Өлкөнүн негизги банкы дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу, Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге таасирин тийгизүүнү улантып жатканын, дүйнөлүк мунай рыногундагы баа өлкөгө импорттолуучу товарлардын кымбатташына алып келгенин билдирди.

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляция 6,5% түздү (жылдык мааниде 11,3%).

Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт.

Последние новости