www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн АИ-92 бензини 86,9 сом болду. Дизелдин баасы 1,6 сомго өсүп, 99,9 сомго жетти. Бул эки товарга мамлекеттик субсидия каралган.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов муну дүйнөлүк дүң баалардын өсүшү менен түшүндүрдү.
"Күйүүчү майдын баасы аймактарга жеткирүү чыгымына жараша айырмаланат. Баткенде Бишкекке салыштырмалуу 3-3,5 сомго, Нарында 1 сомго, Таласта 1,5-2 сомго кымбат болушу мүмкүн. Бааны турукташтыруу механизми иштеп жатат. Бирок дүйнө жүзүндө дүң баалар өсүүдө. Мамлекет да бааны жогорулатууга аргасыз болуп жатат. Болбосо компаниялар чоң чыгымга учурап, банкрот болушу мүмкүн. Анда Кыргызстанга күйүүчү майды ким ташып келет?” — деди Эшатов.
Ошондой эле учурда компанияларда 25-30 күнгө жете турган күйүүчү май запасы бар экенин, бирок ал азайып жатканын кошумчалады.