www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн кайрадан валюта рыногуна чыгып, 186,4 миллион доллар сатты. Бул 2026-жылдын башынан берки тогузунчу валюталык интервенция болуп саналат.
Жалпы сумманын ичинен регулятор 24,8 миллион долларды бүтүм түзүлгөн күнгө чегерүү менен экинчи бөлүгү болгон 161,6 миллион долларды — бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнгө чегерүү менен сатты.
Жаңы интервенциядан кийин Улуттук банк жыл башынан бери саткан чет өлкө валютасынын жалпы көлөмү 1 миллиард 472,6 миллион долларга жетти. 2026-жылдагы бардык тогуз операция доллар сатууга багытталган — регулятор валюта сатып алууну жүргүзгөн эмес.
Улуттук банк 2026-жылдагы сегизинчи интервенцияны 29-июнда өткөргөн. Анда жалпысынан 222 миллион 550 миң доллар сатылган. Регулятор аталган мезгил аралыгында жалпысынан 1 миллиард 286,2 миллион доллар саткан.
2025-жылы ал валюта сатуу боюнча сегиз интервенция жасаган. Базарда жалпысынан 853 миллион доллар сатылган. Улуттук банк сатып алуу операцияларын жүргүзгөн эмес.
2024-жылы валюта рыногунда 26 операция жүргүзгөн: анын 13ү — доллар сатып алуу (369,35 миллион) жана 13ү — сатуу (675,65 миллион) боюнча болгон.
2023-жылы КР Улуттук банкы валюта рыногунда 655,72 миллион доллар саткан.