www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов «Бишкек башкы архитектуранын» көчмө жыйынында билдирди.
«Мен картадан карап көрдүм, ТЭЦ-2нин 40 гектардай аймагына жаңы конуштар түшүптүр. Эгер биз жылуулук борборун ишке киргизсек, 400дөй үйдү (үй-бүлө – ред.) көчүрүүгө туура келет. Бул чоң көйгөй. ТЭЦтин оң жагында карьер бар, текшерүүчү органдар тийиштүү жерлерге көз салса жакшы болмок», — деди ал.
ТЭЦ-2 Бишкектин түндүк-батышында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулуш иштери 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ТЭЦти калыбына келтирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал эми экс-мэр Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ТЭЦ-2ни реконструкциялоо жана модернизациялоону тездетүү зарылдыгын билдирип, ишкана газ менен иштеши керектигин кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg