www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Түштүк Кореядан келген “Коляски”, “Маленькое деление” жана “Радость деления” кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда фонддор тарабынан берилген коляскаларды кабыл алып, аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырып берди. Министр Улукбек Кочкоров фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

"Мамлекет муктаж жарандарыбызды коляска менен камсыз кылып, аны өз жоопкерчилигине алган. Ошондой болсо дагы, муктаждарга кылган жардамды ыраазылык билдирүү менен кабыл алдык. Министрлик дайым кызматташып, сиздердин берген кайрымдуулуктарды өз дарегине жетишине көмөк кылат” -деди Кочкоров.

Фонддун өкүлдөрү иш-чара соӊунда министрдин жеке кабылдамасында болуп, мындан кийинки кызматташа турган пландарын талкуулашты. “Коляска” фондунун өкүлү Пак Хи Дал министрдин жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын айтты. 

“Министр мырза биздин арзыбаган кайрымдуулук иш-чарабызды көлөмдүү жумуштай баалап, өзгөчө жылуу маанайда тосуп алганына ыраазы болдук. Жолугушуу - мындан ары дагы кызматташууга жол ачат деп ишенебиз. Биз алгачкы жолу Кыргызстанга келдик, алдыда дагы көп кырдуу кызматташуу пландарабыз бар” -деди Пак Хи Дал.

Белгилей кетсек, жогорудагы кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү 260 колясканы республика боюнча муктаж жарандарга министрлик менен биргеликте тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости