www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

7-августка белгиленген сот отуруму соттолуучулардын бири келбегенине байланыштуу болгон жок. Кийинкиси сентябрдын ортосунда өтөрү айтылды.

Отурумга катышпаган соттолуучу 16-июлда көз жарган. Анын адвокаты ымыркайы торолгончо териштирүүнү убактылуу токтото турууну өтүнгөн.

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. Кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки кызматкери Кылмыш кодексинин 258-беренеси (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) боюнча соттолууда.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон, деп Азаттык өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

                                                                                                                                 

Последние новости