www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жараны жашы жете элек баласын ооруканага жаткырып, кийин энеси полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгарылгандыгы жана анын өспүрүм баласы кароосуз калгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Аталган маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбору (ЖУАБ) тарабынан тиешелүү тактоо иштери жүргүзүлгөн.
Тактоо иштеринин жүрүшүндө аталган жашы жете элек бала өзүнүн бир тууган агасы жана эжеси менен бирге 2026-жылдын 3-июлунда Москва шаарындагы балдар реабилитациялык борборуна ата-энесинин камкордугусуз калган балдар катары жайгаштырылганы аныкталган.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Россия Федерациясынан үч бир тууган Кыргыз Республикасына кайтарылып келинип, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында атасына өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы тиешелүү иштерди мындан ары да улантат.