www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-августта Турсунзода шаарына барып, жергиликтүү тургундардын жашоо-шарты менен таанышып, бир катар жаңы объектилерди ачты.

Мамлекет башчысынын иш сапары «Нокили Турсунзода» ЖАКтын электр кабелдерин өндүрүүчү ишканасын ачуу менен башталды.

Ишкана 14 миң чарчы метр аянтты ээлейт жана жылына 3,6 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бул жерде электр кабелдерин чыгарган беш өндүрүш линиясы иштейт. Алар ар кандай өлчөмдөгү кабелдердин 100гө жакын түрүн чыгарууга ылайыкташкан. Алгачкы этапта продукциянын 30 түрүн өндүрүү пландалууда.

Чыгарылган кабелдер имараттардын ички электр тармактарында колдонулат.

Ишкананын ишке кириши менен 100 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болду. Өндүрүш үч нөөмөттө иштейт.

Президентке берилген маалыматка ылайык, ишкана жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулган. Анын ишке кириши өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга жана импорттун көлөмүн кыскартууга өбөлгө түзөт.

Сүрөт: Тажикстан президентинин басма сөз кызматы

Последние новости