www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Украинадагы согушка мажбурланып кеткен жакындарын издегендер көбөйдү. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Назира Байызбекова. Анын 19 жаштагы уулу Айдар Орусиядагы абактан согушка жөнөтүлүп, жети айдан бери дайынсыз болууда.

Ошондой эле Жуман Кыдыкова аттуу жаран Орусиянын армиясынын катарында согушка кеткен тууганы Ринат Тиленчиевдин сөөгүн бир жылдан бери ала албай жүргөнүн билдирди. Украинанын «Хочу жить» долбоорунун маалыматына ылайык, Ринат 2025-жылы согушта каза болгон.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы чет өлкөлөрдө каза болгон 458 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилген. Алардын 360ы Орусиядан келген. Ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында 174 жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келинген, анын 137си Орусиядан жеткирилген.

Украинанын «Хочу найти» долбоору КМШ өлкөлөрүнөн дайынсыз жоголгон аскерлерди издегендердин саны кескин көбөйгөнүн билдирүүдө. Долбоорго Кыргызстандан ай сайын ондогон кайрылуулар түшүп жатат.

Эксперттер жана укук коргоочулар мигранттарды согушка тартуу уланып жатканын белгилеп, кыргыз бийлигин жарандарды коргоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырууда.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттердин согуштук аракеттерине жалданма катары катышуу кылмыш жоопкерчилигин жаратат.

Последние новости