www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина президенти Владимир Зеленский акыркы маегинде өлкөнүн учурдагы мүмкүнчүлүктөрүнө жана эл аралык колдоого байланышкан бир катар маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Анын айтуусунда, Киев азыркы шарттарда Крымды кайтарып алуу потенциалына ээ эмес. Зеленский муну аскерий ресурстар жана өнөктөштөрдүн колдоосу жетишсиздиги менен түшүндүрдү.
Ошондой эле, АКШ президенти Дональд Трамптын Украинада президенттик шайлоо өткөрүү боюнча чакырыгынан кийин Зеленский «Аскердик абал учурунда шайлоо өткөрүү» тууралуу мыйзамды өзгөртүүгө даяр экенин билдирди. Ал шайлоо үчүн коопсуздукту камсыздоодо АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жардам күтөрүн айтты.
Мындан сырткары, Зеленский АКШнын жана бир катар мамлекеттердин позициясын эске алуу менен, Украинанын НАТОго мүчө болушу боюнча процессте азырынча саясий даярдык байкалбай турганын белгиледи. Ал жакынкы күндөрү Киев иштеп чыккан жаңы тынчтык планын Вашингтонго сунуштай турганын кошумчалады.
Ал эми Дональд Трамп өз билдирүүсүндө Украинадагы саясий системанын иштеши үчүн шайлоо зарылдыгын баса белгилеп, согуш шайлоону токтотууга негиз болбошу керек деген оюн айтты. Ошондой эле ал НАТО маселеси көптөн бери талкууда болуп кегенин жана бул көйгөй Зеленскийдин дооруна чейин эле бар болгонун эске салды. Арийне, бул билдирүүлөр Украинадагы ички саясий динамиканын жаңы этапка өткөнүн көрсөтүп турат.