www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада 3, Израилде 68 журналисттин өмүрү кыйылган

Эл аралык журналисттер федерациясы билдиргендей, 2023-жылы 94 журналист өлтүрүлдү. Арасында тогуз аял бар. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 67% көп дегенди билдирет. Жарыялаган баяндамасында уюм 2023-жылы маалымат каражаттарынын 400дөй өкүлү камалганын жазган.

Газа тилкесинде октябрда башталган согуш маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин арасындагы жоготуулардын өсүшүнүн себеби болгону белгиленет. Израил менен ХАМАС  уюмунун ортосундагы согуш башталган эки айдан бери 68 журналисттин өмүрү кыйылган. Украинадагы согушта үч журналист набыт болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости