www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгынын башчысы Тынчтык Субанкулов кызматтан алынды. Тынчтык Субанкулов 2025-жылы 5-декабрда УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган эле.

10-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле УКМКнын төрагасынын үч орун басары кызматтан алынып, 14-февралда УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси алмашты. Эльдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов дайындалды.

15-февралда Жакыпбеков кармалып, көп өтпөй камакка алынды.

16-февралда Салмоор Жумабеков УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.

Последние новости