www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Жоомарт Токтогуловду тааныштырды. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда, ошондой эле Президенттин тапшырмаларын так жана өз убагында аткарууда биргеликте иш алып баруу зарылдыгын баса белгилеп, Жоомарт Токтогуловго жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

 

Последние новости