www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехи аныкталып, анда Түштүк Азия мамлекеттеринин биринен келген 20 чет элдик жарандын, жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү уруксаат кагаздары жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөнү аныкталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, имараттын ижарачысы өзүн улуттук коопсуздук органдарынын учурдагы кызматкери катары тааныштырган жаранга – эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн «жаап-жашыруу үчүн», олуттуу суммадагы акча каражатын өткөрүп бергендиги аныкталган.
Аталган жарандын чындыгында КР УКМКга эч кандай тиешеси жок экендиги, мурдараак аталган органдан иштен бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан, ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ынандырып жүргөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, ишкер менен жалган кызматкердин ортосунда акча каражаттарын жарым-жартылай кайтарып берүү фактылары катталып, аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Кийинчерээк, аталган жалган кызматкер убадаларын толук аткарбай, баардашуудан баш тарткан.
Жабырлануучу тараптын арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
2-июль күнү, шектүү Бишкек шаарынан кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды, ошондой эле ушул сыяктуу алдамчылыктын мүмкүн болгон түрлөрүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
УКМК жарандарды сергек болууга жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн атынан опузалап акча талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же алдамчылык фактылары аныкталган учурда –ыйгарым укуктуу органдарга токтоосуз, тез арада билдирүүгө чакырат.