www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин тапшырмасы боюнча Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кызмат ордунда турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы айрым кызматкерлерине карата бир катар тергөө жана оперативдик иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызмат тараткан маалыматта айтылат.
Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык жана бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен ишке ашырылды. Жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу УКМКнын жетекчилигине өз убагында маалымат берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча принципиалдуу кадрдык чечимдер кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген адамдар ээлеген кызматтарынан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынын курамынан чыгарылды. Аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте акыркы укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик органдар мыйзамдуулукту, тартипти чыңдоо жана өз катарында ар кандай коррупциялык же мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербөө багытындагы саясатты ырааттуу жүргүзүүдө. Ээлеген кызматына карабастан, ар бир кызматкер мыйзам алдында жеке жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик бийлик органдарына коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча иштер улантылат..Белгилей кетүүчү жагдай, айрым маалыматтык билдирүүлөр атайылап мекемелер аралык күч түзүмдөрүнүн ортосундагы карама-каршылык катары көрсөтүлүүдө. Мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди солгундатууга багытталган.
Өлкөнүн бардык күч жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде жана тыгыз өз ара аракеттенүү менен иш алып барышат, улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү милдеттерди жетекчиликке алышат.
Мекемелер ортосунда жасалма түрдө конфликт образын жаратуу аракеттери деструктивдүү мүнөзгө ээ жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөйт.
Жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана коомдук ишмерлерди расмий маалымат булактарына гана таянууга жана сабырдуулукту сактоого чакырабыз.
УКМК мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо, өлкөдө мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишин улантат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик органдардын системасында (УКМК, ИИМ, КР Башкы прокуратурасы, Аскер прокуратурасы, сот системасы, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы ж.б.) кол тийбестикке ээ адамдар болушу мүмкүн эмес. Кызмат ордуна, кызмат өтөө мөөнөтүнө же мурунку жетишкендиктерине карабастан, ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Мамлекет катардагы ак ниетсиз кызматкерлерди тазалоо, тартипти чыңдоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу багытындагы саясатты ырааттуу жүргүзөт.
Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.