www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитети Жалил Атамбаев (ИИМдин мурдагы кызматкери) кайрадан камалганын билдирди. Ага буга чейин кылмыштуу кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топту каржылоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, камалганын, бирок былтыр жыл аягында эч кайда кетпөө шарты менен абактан чыгарылгандан кийин бул талапты бир нече жолу бузганын маалымдады.

"2024-жылдын декабрь айында айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөрүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган. Айыпталуучу бул шартты бир нече жолу бузган. Ушундан улам айыпталуучу А.Ж.С. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен №21 абакка камалды”,-деп жазылган маалыматта.

Последние новости