www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандардан акча чогултууларды уюштургандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБнүн Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматында системалуу коррупциянын фактыларын аныкталды.

Кайгуул-күзөт кызматынын командири милициянын полковниги «Ж.А.А.»кызматтык абалынан пайдаланып, кол алдындагыларды коомдук тартипти бузган жарандардан, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктары үчүн автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынан системалуу түрдө акча чогултууга мажбурлаганы аныкталган.

Ошол эле учурда «Ж.А.А.» “кызматыңардан алынасыңар” - деп коркутуп, взводдун командирлерин ага жума сайын 20-30 миң сомдук акча каражаттарын берип турууга мажбурлаган. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан.

23-июнь күнү, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБнин Кайгуул-күзөт кызматынын командири, милициянын полковниги «Ж.А.А.», Кайгуул-күзөт кызматынын взводунун командирлери: милициянын ага лейтенанты «М.К.Т», милициянын кенже лейтенанты «К.Т.А.», жана милициянын прапорщиги «А.А.Р.» кармалышты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости