www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК куралдуу кагылыштар жана өзгөчө абал учурунда айрым түзүмдөрдөн байланышты жана интернетти өчүрүүнү сунуштады.
Мыйзамдын долбоору кылмыштын ар кыл түрлөрү менен күрөшүү максатын көздөйт. Аны менен бирге эле бир катар эрежелер өлкөнүн жаңы Санарип кодексине ылайыкташтырылууда.
Комитет азыркы согуштарда смартфондор менен планшеттер көп учурда чабуулдарды координациялоо, дрондорду багыттоо жана чалгын маалыматтарын алуу куралына айланып калганын түшүндүрдү.
Мындан тышкары, тергөө иштери жүрүп жатканда мобилдик байланыш операторлору колдонуучулар тууралуу маалыматты тиешелүү органдарга берүүгө милдеттүү болот.