www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Түп райондук милициясынын улук лейтенанты 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды, деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кармалган адам алдамчылык факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилиги менен коркутуп, арыз ээсинен акча талап кылган.
Ошондой эле ал буга чейин арыз ээсинен мобилдик банк тиркемеси аркылуу 134 миң сом өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Кармалган адам Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген.