www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасындагы мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын билдирди.

Тергөө маалыматына ылайык, мекеменин мурдагы директору Р.Б.М. кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондунун жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө өзүнүн жакын туугандарынын пайдасына бөлүп берген.

Ошондой эле ал токой продукцияларын төмөндөтүлгөн баада сатып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген деп шектелүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, 2026-жылдын 7-июлунда Р.Б.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Последние новости