www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев эмне себептен кармалганын ачыктады.
Маалыматка караганда, бүгүн атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Токмок шаарына барган.
Буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарынын тургундары өлкө бийлигине кайрылып, шаардагы жаңы сейил бактын курулуш иштери кечеңдеп, сапатсыз жүрүп жаткандыгын жана шаардык спорт мектебинде капиталдык оңдоо иштери бир жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй турган айтып, жергиликтүү бийлик органдарына нааразы болушкан. Мындан улам Ташиев көйгөйлөр менен жеринде таанышкан.
“УКМК жетекчиси жаңы курулган сейил бак чындыгында сапатсыз экенин белгилеп, тийиштүү жетекчилерди катуу сынга алды. Тез арада аталган эс алуу жайында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, заман талабына жооп берген шарттар түзүлсүн деген талап коюлду”, — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Токмок шаарынын мэри Н.М.О., Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Т.у.А. жана эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр-Сантехсервис” ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. УКМК төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда кармалган.
Маалым болгондой, парктын курулушуна 44 миллион сом каралып, анын 42 миллиону подрядчыга которулган. УКМКнын маалыматына караганда, каражат толук жумшалбай, кайдыгер мамиле жасалган.