www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Новопавловкада Ташиевдин тапшырмасы менен камакка алынган адамдар боюнча маалымат берди.
«2024-жылдын июль айында Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүндөгү сейил бакты жакшыртуу боюнча 29 миллион сомдон ашык суммага тендер өткөрүлгөн, подрядчы «Орбитал-Строй» ЖЧКсы болгон. 2,8 миллион сомдук кошумча жумуштарды эсепке алганда, жалпысынан 31 миллион 910 миң 840 сом жумшалган. Бирок иш жүзүндө жакшыртуу иштери аткарылган эмес. Ленин районунун жетекчилери тарабынан тийиштүү көзөмөл болбогондуктан подрядчы ишти толук эмес, начар аткарган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 5 миллион 200 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Атап айтканда, «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасы эс алуу жайын баланска кабыл алган эмес, анткени тыюу салынганына карабастан сугат системасы ичүүчү сууга кошулган. Ага карабай «Жашыл чарба» отургузулган өсүмдүктөрдү сактоо максатында сугарууну камсыз кылышы керек болчу, бирок ал иштер аткарылган эмес. Жоопкерчиликсиз мамиленин натыйжасында сейил бак каралбай турат, башкача айтканда 31 млн 910 миң 840 сом ысырап болгон.
Мындан улам төмөндөгү адамдар кармалды:
— Р.Э.А. (Новопавловка МАБдын жетекчисинин орун басары);
— «Орбитал-Строй» ЖЧКсынын директору Д.Ж.Д. (подрядчы);
— С.Г.С. (Ленин райондук администрациясынын кызматкери)», — деп айтылат маалыматта.