www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 9-мартында  КР УКМК Төрагасынын орун басары генерал-майор  Акылбек Намазов жана   УКМКнын Ардагерлер Кеңешинин Төрагасы Замирбек Чолпонбаев  УКМК жетекчилиги жана өздүк курамынын атынан  УКМК ардагери отставкадагы полковник Качкын Саргазаковду 90 жылдык маарекеси менен куттуктады. 

Генерал-майор Акылбек Намазов Качкын Саргазаковго узун өмүр жана ден-соолук каалады. 
Өз кезегинде К.Саргазаков куттуктоосу үчүн УКМК жетекчилигине жана Ардагерлер Кеңешине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Качкын Саргазаков 1961-жылдан 1990-жылга чейин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Мындан тышкары, ал 11 жыл Тажикстан Республикасынын коопсуздук комитетинде  кызмат өтөгөн. 

Жасаган эмгеги жана мекенге болгон ак кызматы үчүн бир катар мамлекеттик  жана  мекемелик сыйлыктар менен сыйланган.
 

Последние новости