www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай АКШ менен Израилдин Иранда жаңы жогорку лидер болуп дайындалган Можтаба Хаменеини бутага алышына каршылыгын айтты.
- Бээжин кандай гана шылтоо болбосун башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө каршы. Ирандын эгемендиги, коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү урматталышы керек, - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гао Цзяцюнь.
Буга дейре Израил каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин ордуна ким келбесин бутага алынарын билдирген. Ошондой эле, Дональд Трамп дагы АКШ Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоого катышуусу керектигин “эгер ал (кийинки жогорку лидер) биздин батабызды албаса, анда ал узакка кармалбайт”, - деп айткан.
Бүгүн Иран бийлиги катаал позициясы менен белгилүү Можтаба Хаменеини атасы, маркум аятолла Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер кылып дайындады.