www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда Кыргызстан менен Кытай жарандарынын ортосунда никелешүү көбөйүп жатат деп маалыматка комментарий берди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү Кытай жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын жана башка өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн.

Ошол эле учурда титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер.

Бул процесстер Кыргызстандагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт.

УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Последние новости