www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкордо арзан баада эт сатылуучу жарманке өтүп жатат

Нарын облусунун Кочкор районунда арзан баада эт сатылуучу социалдык жарманке өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында уюштурулууда.

Жарманкенин алкагында район тургундарына арзан баада – 600 сомдон сапаттуу эт азыктары сунушталат. Социалдык колдоого багытталган бул иш-чара ар аптанын ишемби күндөрү өткөрүлөтЭтти.

Жарманке ишемби күндөрү Кочкор районунун борборундагы автобекеттин имаратында өткөрүлөт.

Последние новости