www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК, Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкери милициянын лейтенанты М.Н.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, милициянын лейтенанты М.Н.М. кызматтык абалынан пайдаланып, алдоо жолу менен шектүүдөн жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык чыгымды «М Банк» электрондук капчыгы аркылуу төлөп берүү шылтоосу менен 37 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Кылмыштын изин жашыруу максатында милициянын лейтенанты М.Н.М. акча каражаттарын өзүнүн таанышына котортуп, кийинчерээк андан бул сумманы өзүнүн жеке «М Банк» электрондук капчыгынын номерине которуп берүүнү суранган.

Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда.
 

Последние новости