www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан Баткен ОИИБ менен биргеликте Баткен облусунун коомдук-саясий жана башка турмуштук тармактарындагы уюшкан кылмыштуу топтордун жана криминалдык элементтердин идеологиялык таасирин аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар айрым КР жарандары аныкталды. Аталган жарандар кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо максатында оор кылмыштарды жасап, залал келтирүү коркунучу астында опузалап акча талап кылуу менен алектенип келишкен.
Алсак, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында К.Досоновдун (Женго) тобунун мүчөсү катары автоматташтырылган маалымат базасында каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү У.И.нин идеологиялык жактоочуларынын тобу бар экени аныкталган. Ал 2025-жылдын 26-декабрында Ош облусунун Ноокат районунун 04.04.1997-жылы туулган жараны С.И.Н.ге куралдуу каракчылык жасап, ага оор дене жаракаттарын келтирип, 230 миң сом акча каражатын ээлеп алган.
2025-жылдын 28-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чараларынын натыйжасында аталган факты боюнча кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын колдогон төмөнкү КР жарандары кармалган:
-Ш.М.А, 1992-жылы 2-декабрында туулган, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
-А.Ш.Ж., 08.06.2002-ж.т. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
-Т.М.И., 1999-жылдын 24-мартында туулган, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
-Ж.А.Т., 1998-жылы 14-июнда туулган, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну.
Мындан тышкары, аталган адамдар эркинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн каржылоо максатында, 2005-жылдын 29-декабрында туулган Кыргыз Республикасынын жараны С.А.К.дан 150 миң сомдук “Нексия” үлгүсүндөгү унаасын алып, мыйзамсыз сатып жиберишкен. Унаадан түшкөн каражаттар "Греф" деп аталган адам үчүн КР түрмөсүнө жөнөтүлгөн.
Жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында М.Ш. жана Ш.А. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.