www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды

 

УКМК Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жалпы 5000 чарчы метрден ашык аянтты түзгөн бала бакчаны мамлекеттин балансына кайтарды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 1997-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталып, андан кийин аталган бала бакчанын имаратын мыйзамдаштыруу максатында 2001-жылы мамлекеттик органдардын чечиминин негизинде бала бакчанын имаратынын жана аймагынын базасында дыйкан чарбасы (сүт иштетүүчү жана нан бышыруучу цехтер) түзүлгөн.

Кийинчерээк, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуу менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен окуучуларды коммерциялык максатта айдоочулукка үйрөтүү үчүн аталган социалдык маанилүү объектинин аймагында авто мектеп ачылган.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 4-июль күнү, социалдык объект бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска кайтарылды.

 

Последние новости