www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө КР жараны Т.Ж.нын аракеттеринде аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Т.Ж. УКМКга жеткирилип, суракка алынган.
31-майда Т.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (жарашууну) козутуу) боюнча Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», -деп айтылат расмий маалыматта.