www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уганданын армиясынын командачысы Мухузи Кайнеругаба X (мурунку Twitter) платформасында Түркияга карата бир катар билдирүүлөрдү жарыялады. 

Ал Түркия бийлигинен 1 миллиард доллар талап кылып, антпесе түрк элчилигин жабуу жана дипломатиялык мамилелерди үзүү менен коркутту.

Мындан тышкары, ал “Түркиянын эң сулуу аялын өзүнө жубайлыкка алгысы келерин” да жазган. Бул билдирүүлөр социалдык тармактарда кызуу реакция жаратты.

Акыркы мезгилде Уганда Израильге карата союздаш позициясын ачык көрсөтүп келет. Кайнеругаба буга чейин да Израиль тарапты колдоого даяр экенин билдирген.

Последние новости