www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-жылдын январь айында атактуу актер Арнольд Шварценеггер Инстаграмм баракчасына өзүнүн коло статуясы тургузулган көчөдө жаткан сүрөтүн жүктөп, астына: “убакыт кандай гана өзгөрдү”, -деп жазган. Алгач анын бул кадамына көпчүлүк түшүнгөн деле эмес. Айрымдар артист артисттигин кылып жатат деп да чыгышкан. Анын себеби кийинчерээк гана белгилүү болгон. Биз бүгүн ошондо актердун эмне айткысы келгенине кайрылмакчыбыз.

Арнольд Шварценеггер Калифорниянын губернатору болуп турган кезде, тактап айтканда, 2014-жылы Огайо штатында статуясы орнотулган отелди өзү ачкан. Анда отелдин администратору актерго: “Сиз каалаган убакта келип, сиз үчүн резервде турган номерди ала аласыз” деп айткан.

Арнольд губернаторлуктан кеткенден кийин ал мейманканага барганда, отелдин администрациясы актерго алардын отелине талап көп экендигин айтып, акча талап кылып, анын бөлмөсүн берүүдөн баш тарткан. Ошондо актер өзүнүн статуясынын жанына жатып алып, бул кадамы менен элге төмөнкүлөрдү жеткирүүнү каалаган экен: “Качан мен маанилүү кызматта отурганымда алар мени дайыма мактап турушчу, кызматымды жоготконумда алар мени унутту жана мага берген убадаларын аткарышкан жок. Өзүңөрдүн кызматыңарга, акчаңардын көптүгүнө, күчүңөргө ишенбегиле, анын баары түбөлүк эмес.”

Ошондуктан өзүңөрдүн жакындарыңарды, жаныңызда жүргөндөрдү баалагыла, аларга убакыт бөлгүлө, аларга көңүлүңөрдү белек кылгыла!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости