www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочулар тобу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазган арызын кайра алууга мажбур болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Коомдук талдоо институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, быйыл 12-сентябрда атайын кызматка кайрылуу жиберилип, анда алар уюштурган иш-чаралардын катышуучуларынын артынан тыңшоо, аңдуу жүрүп жатканы айтылып, ошол адамдарды аныктап берүү жөнүндө өтүнүч жазылган. Мисал катары Бишкекте 27-апрелде “Коопсуздук секторуна парламенттик көзөмөл. Тажрыйбалар жана чакырыктар” деген темада өткөн эл аралык жыйында укук коргоочулардын шегин жараткан эки адамды аныктоо суранычы айтылган. Алар өздөрүн журналист катары тааныштырып, катталгандыктан ошол каттоо баракчасынын көчүрмөсү арызга тиркелген.

“УКМК биз берген тизмедеги адамдарды издеп-издебегени белгисиз, бирок ошол эксперттик жолугушууга катышкандарды бирден чакырып суракка алууга өттү. УКМКга чакырылып суракка барган адамдарда коркуу сезими пайда болуп, кайра алар бизге нараазы боло баштады” дейт Карасартова.

Ушуга байланыштуу укук коргоочулар арызын кайтарып алууну чечишти жана “кимди биздин арыз боюнча чакыра турган болсо, бизге жазып же чалып коюушуңуздарды суранабыз, УКМКга баруунун кажети жок. Болбой эле чакырта турган болушса, адвокат кошуп беребиз” деп кулактандыруу таратышты.

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Булак: "Азаттык"

Последние новости