www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси Медет Турсалиев «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор — Нурхан Сүйүмкуловду тааныштырды.

Белгиленгендей, Нурхан Сүйүмкулов мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана тышкы соода тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбага ээ. Бул кызматка дайындалганга чейин ишкананын директорунун милдетин аткарып келген.

Тааныштыруу учурунда тышкы сооданын көлөмү жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын кайрылуулары өсүп жаткан шартта «Бирдиктүү терезе» системасын мындан ары өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди. Бүгүнкү күндө Борбордун алдында электрондук сервистерди кеңейтүү, уруксат берүүчү жол-жоболорду онлайн форматка өткөрүү жана документтерди тариздөө мөөнөттөрүн кыскартуу милдеттери турат.

Белгиленгендей, «Бирдиктүү терезе» борбору Кыргыз Республикасынын тышкы соода экосистемасынын маанилүү бөлүгүнө айланууда. Мамлекеттик бажы кызматы жана Борбор мамлекеттик көзөмөлдү натыйжалуу камсыз кылуу менен товарларды бардык зарыл жол-жоболордон мүмкүн болушунча тез өткөрүү үчүн шарттарды түзүү багытында биргелешип иш алып барууда.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №334 токтомуна ылайык, «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик бажы кызматынын карамагына өткөрүлгөн.

Последние новости