www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тынчтык үчүн курмандык же Украина Донецкти берүүгө даярбы?
2025-жылдын октябрь айында жарыяланган The Washington Post басылмасынын маалыматына ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин Американын президенти Дональд Трамп менен телефондогу сүйлөшүү маалында Донецк облусун толугу менен Россиянын көзөмөлүнө өткөрүү шартын койгон. Бул талап ок атышууну токтотуунун жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоонун негизги шарты катары айтылган.
Путин, өз кезегинде, Запорожье жана Херсон облустары боюнча мурдагы талаптарынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Бул Москва тараптан мурдагыга караганда бир аз ийкемдүүлүккө баруу аракети катары бааланууда. АКШ администрациясындагы айрым аткаминерлер бул сунушту "оң жылыш" катары кабыл алганы менен, Украина мындай талаптарга макул болору күмөн бойдон калууда.
The Washington Post белгилегендей, Трамптын өкүлү Стиф Уиткофф акыркы сүйлөшүүлөрдө Украин делегациясына Донецкти Орусияга берүү боюнча "басым жасаган". Бул тынчтыкты орнотуу аракетиби же аймактык бүтүндүккө шек келтирүүчү кадамбы – бул маселе эл аралык коомчулукта кызуу талкууланууда.
Эгер Донецк облусу Россиянын көзөмөлүнө өтсө, согуштук аракеттердин токтотулушу мүмкүн. Бирок мындай чечим Украина үчүн чоң саясий жоготуу болуп калат. Анткени аймактык бүтүндүгүнө жарака кетет.
Буга байланыштуу Киев мындай келишимди четке кагышы толук ыктымал. Себеби, Донецкти берүү Украинанын эгемендигине олуттуу шек келтирет жана бул ички саясий чыңалууну жаратат.
Арийне, Путиндин Донецк боюнча талабы тынчтыкка карай бир кадам катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул сунуш Украина үчүн өтө оор саясий чечимди талап кылат. Аймактык бүтүндүктөн баш тартуу Украинада да, эл аралык коомчулукта дагы көп суроолорду жаратары турган иш. Демек, тынчтык келишими жетишүү үчүн бул талаптан сырткары дагы бир катар кепилдиктер жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр талап кылынат. Болбосо, бул кадам узак мөөнөттүү туруктуулуктун ордуна жаңы чыңалууга жол ачат.