www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна берилген добуштардын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, документке үчүнчү окууда беш депутат - Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо жана Медербек Алиев “каршы” добуш берди.

59 депутат долбоорду колдоду. 15и добуш берген жок. Алардын арасында буга чейин документке экинчи окууда каршы болорун айткан Балбак Түлөбаев да бар.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды.

Сессияда мыйзам долбоору боюнча бир эле депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, андан башка талкуу болгон жок. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилип жатканын” билдирди.

“Мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм. Бул эч кандай өзгөртүү эмес. “Легендарлуу парламент, легендарлуу парламент” деп эле кайталай бергенден натыйжа жок. Ар бир доордун, мезгилдин легендасы болот. Бул жолку чакырылыштагы парламент да мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы мүмкүн”.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген жок.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости