www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын байланыш башчылыгы Орусияда иш-чара өткөрөт.

Президенттик аппараттын байланыш башчылыгы 4-апрелде Орусиянын борбор палатасы Москвада "Turkey Today" аттуу иш-чара өткөрүүгө камданууда.Бул иш-чара дүйнөнүн стратегиялык өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет.

Президенттик аппараттын байланыш башчылыгынан берилген маалыматка караганда октябрь айында БУУнун жыйналышынын алдында АКШнын Нью-йорк шаарында, андан соң президент Режеп Таййип Эрдогандын Германияга жасаган сапары убагында борбор калаа Берлинде, ноябрь айында Чоң жыйырмалыктын саммиттинин дароо алдында Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Аиресте, декабрь айында Лондондо, эң аягында Кытайдын Пекин жана Шанхай шаарларында өткөрүлгөн. Эми болсо Москвада өткөрүлгөнү турат.

4-апрелде боло турган иш-чара "Түркия менен Орусиянын Сирия процессиндеги карым-катнаштары" темасы менен өткөрүлүп Орусиянын эң таанымал ой-пикир мекемеси Valdai Discassion Club менен Түркиядан СЕТА (Саясат,экономика жана коомдук изилдөө )мекемесинин өкүлдөрү сөз сүйлөшөт.

Иш-чарада академиктер Сириядагы акыркы абалга жана Түркия менен Орусиянын карым-катнашынын маанисине токтолушат.

Иш-чарага медиа мүчөлөрү, академиктер, иш дүйнөсү, жарандык коомдук уюмдар жана ой-пикир мекемелери чакырылат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости