www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия эгемен Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Ушу тапта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт. Азыр аны 1 млрд долларга жеткирүү аракети жасалууда.

Дүйнөлүк оор кырдаалдарды түзгөн Түркиянын чек арасындагы курч абал, Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт кошуундарына каршы “Тынчтык булагы” операциясы 9-октябрда башталган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан. Эрдоган да АКШга жана Европага жооп берип, керек болсо, качкындарды европаны көздөй агытарын билдирип, Батыш өлкөлөрүнүн жүрөгүнүн үшүн алган.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон. 22-октябрда бул мөөнөт бүтөөр алдында сириялык күрт кошуундары макулдашуунун талабын аткарып, аймактан чыгып кетишкенин билдиришти. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Орусиянын түштүк борбору болуп бараткан Сочи шаарындагы кездешүүсүндө Анкаранын Сириядагы операциясына байланыштуу меморандумга кол коюшкан. Түркия жана Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшмөкчү.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети эки тараптуу кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Ошондой эле, анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости