www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сары-Өзөндүн алдыңкы катмарында турган аттуу-баштуу адамдардын башын бириктирген Туйгунаалы Абдраимов өзүнүн туулган күнүн белгиледи.

Чүй областынын губернатору айтылуу оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан Туй байке өзүнүн туулган күнүнүн урматына 3 жылкыны союп, дасторконду кенен жайып конокторун тосуп алган. Ал тойдо акимдерден тарта, айыл өкмөттөр, белгилүү аткаминерлер да катышкан. Той Карагайлуу-Булак айылында болуп өткөн.

Тойлорго мараторий киргизүүнү сунуштаган анча-мынча "жепжутаттар" да ала-тоодой эт болуп, ала-көлдөй чык кайнаган тойдо жүргөндөрүн өздүк булактар айтып келүүдө.

Баарынан да кызыгы карапайым элге тойду берүүдө ашыкча чыгым болбосун деп мараторий киргизүүнү сунуштап, өздөрү элден чогулткан, анча-мынча кытып бекиткен, беш колун бирдей матырып эл ырыскысына кол салган биздин аткаминерлерге 3 жылкыны бирдей союп той берсе жарашат экен да...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости