www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мурдагы Саламаттык сактоо министри жана УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын экс-жетекчиси Каныбек Досмамбетов тергөө абагынан бошотулду.
Маалыматка ылайык, Досмамбетов коррупцияга шектелип кармалган. Ага ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптар коюлган.
Буга чейин Башкы прокуратура Досмамбетов акчаны баштыкка салып алып чыгып, жабырлануучуга кайтарып берип жатканын көрсөткөн видеону жарыялаган.
Анын СИЗОдон бошотулганы тууралуу маалыматты расмий органдар азырынча ачык тастыктай элек.