www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын бийлиги сакалчандарга каршы күрөштү кайра баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сакалчан түркмөн жарандарына кысым ушул жылдын 15-майында кайра башталган. Укук коргоо органдары сакал койгон жигиттерди учактарга жана поезддерге киргизишпейт.

Аларды сакалдарын кырууга аргасыз кырып, мечиттерде пенсия курагындагы эркектерге гана сакал коюуга болот деп үгүттөшүүдө.

Өлкөнүн башка аймактарында да абал ушундай. «Аваза» туристтик зонасынын кызматкерлери да сакалын кырууга аргасыз болуп, Түркмөнбашыда милиция сакалчандарды көчөдөн кармап, милиция бөлүмдөрүнө алып барууда, ошол жерде аларды күч менен сакалын кырдырып, сакалын койбойбуз деп тил кат жазууга мажбурлашууда.

Сакал коюуга тыюу салуу Түркмөнстандагы башка ушул сыяктуу чектөөлөр сыяктуу эле мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.

Сакалчандардан тышкары, өзгөчө кара түстөгү унаалардын ээлери жана унаа айдаган аялдар дагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости