www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Балыкесир провинциясында болгон жер титирөөдөн бир адам каза болуп, 29 адам жаракат алды. Бул тууралуу 10-августта республиканын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

«Жер титирөөнүн кесепетинен 81 жаштагы жаран каза болуп, 29 адам ар кандай жаракаттарды алышкан», - деди ал журналисттерге.

Белгилей кетсек, 10-август күнү Түркиянын батышында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Балыкесир провинциясында, 11 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөө өлкөнүн батышындагы кеминде 10 райондо 20-30 секунддай сезилгени айтылды. 

Последние новости