www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын (парламент) спикери Нуман Куртулмуш бүгүн, 2-сентябрдан тарта өлкөнүн жаңы конституциясынын даярдалышын мыйзам чыгаруу органындагы бардык партиялык топтор менен талкуулайт. Бул тууралуу мамлекеттик TRT Haber телеканалы билдирет.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнүн ачкычы боло турган жаңы конституцияга муктаж экенин, негизги мыйзамдын жаңы редакциясын даярдоо улантылып жатканын билдирген. Түрк лидери бардык саясий күчтөрдү жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышууга чакырды. Эрдоган Түркиянын азыркы конституциясы 1982-жылы кабыл алынганын жана бир катар түзөтүүлөргө карабастан, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей калганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости