www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында өткөн жыйында Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун мүлкү тууралуу айтып берди.
Алтынбек Абдувапов учурда камакта. Ал 2024-жылдын декабрь айында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарга байланышкан коррупцияга шектелип кармалган.
«Түркиянын Бодрум шаарында үйү, Алматыда коммерциялык ишканасы бар, Бишкектеги үйүн айына 4 млн сомго элчиликке ижарага берет. Курулуш компанияларында үлүштөрү бар», - деди Ташиев.
Ташиевдин маалыматы боюнча, Абдуваповдун жалпы 55 млн долларга бааланган мүлкү табылган. Анын бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланарын айтты.