www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленский тынчтыкка жетишүү жолунда тоскоолдук болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Politico басылмасына берген маегинде айткан.

Трамптын айтымында, Зеленский сүйлөшүүлөргө жетиштүү деңгээлде даярдык көрбөй жатат жана ишке киришип, келишим түзүшү керек. Ал ошондой эле украин президентинин азыр колундагы көзүрлөрү мурдагыдан да азайды.

АКШ лидери Россия президенти Владимир Путин тынчтык келишимине жетишүүнү каалап жатканын, ал эми Зеленский болсо сүйлөшүүлөргө жетиштүү даяр эмес экенин дагы бир жолу айтты. Трамптын сөзүнө караганда, сүйлөшүү процесси уланууда.

Буга чейин Трамп Россия менен Украинанын президенттеринин ортосунда “абдан чоң жек көрүү бар” деген пикирин билдирген. Анын айтымында, эки саясатчы орток тил табышы керек. Ошондой эле Россия менен Украина ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу маселеси анын саясий артыкчылыктарынын тизмесинде абдан жогорку орунда турганын кошумчалады.

Жыл башынан бери Россия менен Украинанын делегациялары АКШнын ортомчулугу менен үч жолу сүйлөшүү өткөрүшкөн. Акыркы жолугушуу 17–18-февралда Женева шаарында өткөн. 22-февралда АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Вашингтон эки тарапка тең жакынкы үч жуманын ичинде аларды бир пикирге алып келиши мүмкүн болгон бир нече сунуштарды бергенин билдирген.

Украин президенти Владимир Зеленский да сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселелердин бири болгон аймактык маселе Россия президенти менен түз сүйлөшүүсүз чечилбей турганын айткан.

Последние новости