www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте сүйлөп жатып учурда болуп жаткан тирешүүгө чекит коюп, каршылашып жаткан эки тарап менен тең сүйлөшүүгө мезгил жеткенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал өз сөзүндө Владимир Зеленскийден кат алганын, анда Украина тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экени айтылганын белгилеген. Трамптын айтымында, Россия менен да олуттуу сүйлөшүүлөр жүргөн.
"Бүгүн Зеленскийден маанилүү кат алдым. Украина узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү эртерээк баштоого кызыкдарлыгын билдирүүдө. Россиянын да жаңжалды токтотууга, тынчтыкка келүүгө каалоосчу күч экенине ынанып жатам", — деди Трамп Капитолийде.
Эскерте кетсек, өткөн жуманын аяк ченинде сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барган Владимир Зеленский Дональд Трамп менен уруша кеткен. Натыйжада келишимге кол кол коюлбай, Киев режиминин жетекчиси сапарынын аягына чыкпай Ак үйдөн куру кол кетүүгө аргасыз болгон.
Зеленскийдин орунсуз дооматтарына нааразы болуп АКШ тарап анын кечирим суроосун талап кылып, аскердик жардамдын бардык түрүн токтоткон.
Кечээ Украина жетекчиси социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак үйдөгү жаңжалга өкүнүп жатканын, баарын оңдоого убакыт келгенин жазган.