www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалы үчүн курган маегинде дүйшөмбү күнү Россия боюнча маанилүү билдирүү жасай турганын айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок.
"Россиядан көңүлүм калды, алдыдагы эки жума ичинде эмне окуялар болуп кетерин көрөбүз. Дүйшөмбү күнү Россия тууралуу орчундуу билдирүү жасайм", — деген өлкө лидери.
Трамп Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактын акысын НАТО төлөй турганын белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин АШ президенти Москванын кийинки кадамдарына баа берип жатып, Россияга "кичинекей сюрприз" даярдап жатканын билдирген болчу. Трамп Конгрессте каралып жаткан Россияга каршы санкциялардын кабыл алынар-алынбасы өзүнөн гана көз каранды экенин, мыйзам долбоорун өтө дыкат карап жатканын айткан.